Элмирбек Иманалиев — «Акинге»

Сөзү : Текебай Мураталиевдики
Обону : Текебай Мураталиевдики
Артыңдан барсам бакчага,
Артылып колуң башкага, ой.
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Жактырбай сени жатса да, ой.
Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.

Ак көйнөк кийсең таптаза,
Акактай тишиң кашкая, ой.
Күлмүндөп сүйлөп жатыпсың,
Гулүндү албай жатса да, оо.
Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.

Карагер аа, минсем токтобойт,
Капталга малым оттобойт.
Калкымдан сулуу көп көрдүм,
Кареги сага окшобойт, эй.
Кыргыздан ой, сулуу көп көрдүм,
Кылыгы сага окшобойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *