Эрлан Андашев — «Өкүнбө»

Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Өмүргө келдик жаралып,
Өткөн соң таттуу балалык.
Өкүнбөй болуп өткөнгө,
Өмүрдү барктап алалык.

Жашоодо болот бардыгы,
Жүрүшүң артпы алдыбы?
Жараткан берет тилекти,
Жашыба унут кайгыны.

Кайырма:
Өкүнбө досум өкүнбө,
Өтүнөм ойго чөмүлбө.
Ырысын тоодой ишенгин,
Ыссык-Көл болгун төгүлбө

Бул өмүр өзү жүзүмдөй,
Бир жерде турбайт үзүлбөй.
Аттиң деп такыр айтпагын,
Ал мөмө берет билинбей

Андыктан асыл адамзат,
Ак шумкар болуп сабалап.
Ааламды тегиз айлангын,
Ата журт сага аманат

Кайырма:
Өкүнбө досум өкүнбө,
Өтүнөм ойго чөмүлбө.
Ырысын тоодой ишенгин,
Ыссык-Көл болгун төгүлбө

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *