Арсен - Сезим - текст песни
Жалындаган сүйүүмдү айта албаймын,
Жан биргем,жоготуп сени алуудан корком.
Жалынын жүрөгүмдүн байкабадың сен,
Жалтанып көздөрүңдөн тайсалдаймын мен.
Сезим мени азапка салды,
Кыйнады, сыздатты.
Эңсеп сени уйкусуз түндө,
Көз жашым тыйбадым.
Башканын сүйгөнүсүң
Аны билем.
Өзгөрбөс сезимим бар
Өзүң деген.
Жалынын жүрөгүмдүн,
Байкабадың сен.
Жалтанып көздөрүңдөн,
Тайсалдаймын мен.
Сезим мени азапка салды,
Кыйнады, сыздатты.
Эңсеп сени уйкусуз түндө,
Көз жашым тыйбадым.
Сезим мени азапка салды,
Кыйнады, сыздатты.
Эңсеп сени уйкусуз түндө,
Көз жашым тыйбадым.
Тагдырым сүйүү менен сынады,
Махабатым кыйнады
Сага жетпей.
Сезим мени азапка салды,
Кыйнады, сыздатты.
Эңсеп сени уйкусуз түндө,
Көз жашым тыйбадым.