Асылбек Асан - Сары оору болдум сени менен - текст песни
Убакыт санап,
Учурун карап.
Уктабай сансыз таң атып.
Көздөрүм жанат,
Көрсөм деп самап,
Көңүлүм көксөп сага ашык.
Көз жашым агат,
Көөдөнгө тамат.
Көчөдө жалгыз баратып.
Жүрөгүм канап,
Жүлүнүм талат.
Жүзүңдү көрбөй адашып.
Көктөгү жанган,
Көрүнбөй калган.
Көз боочу жаккан шам белең?
Бой бербей чанган,
Боздотуп салган,
Боору таш, мерез жан белең?
Мерчеми тайган,
Менде көп арман.
Мээнетим кайтпас кар белем.
Жамынып барган,
Жай кылып алган,
Жашыруун жанга жар белең?
Кайгырбай качан,
Кабагым ачам?
Карегим талды сен деген.
Кыялбай катам,
Кыйнооңду татам.
Кяымат-кайым сен белең?
Өңүмдөн азам,
Өзүңдү жазам.
Өмүрүм сенсиз кем белем?
Санаага батам,
Сагынып жатам.
Сары оору болдум сен менен…
