СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ - КҮЗГҮ НӨШӨР - текст песни
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң, тургай атыңды укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң, тургай атыңды укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
Клип исполнителя
