Жениш Шакиров & Майрамбек Шакиров - Эч кимге бербейм - текст песни
Жаныңды көрдүм жанардан,
Жүрөгүм нурдан жаралган.
Кызганып бардык адамдан,
Эч кимге бербей сүйөмүн❤
Издегем айдан жылдыздан,
Өзүңдү таптым кыргыздан.
Айыктым сүйүү дартынан,
Эч кимге бербей сүйөмүн❤
Кардан да менин аппагым,
Ай даңда сулуу ак таңым.
Өмүрдөн издеп танканым,
Эч кимге бербей сүйөмүн🥰
Жетпесем бийлик байлыкка,
Таарынба селем тагдырга.
Сен болсоң болду жанымда,
Эч кимге бербей сүйөмүн❤️🩹
Оорубас үчүн көңүлүң,
Арнадым сага өмүрүм.
Ачылган кызыл гүл өзүң,
Эч кимге бербей сүйөмүн❤
Кардан да менин аппагым,
Айдан да сулуу ак таңым.
Өмүрдөн издеп тапканым,
Эч кимге бербей сүйөмүн❤
